У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бала бакчалар иштеп баштайт, эрежелердин сакталышы жөнүндө эскертүү берилди


Мектепке чейинки билим берүү жайларында санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин алгоритми так аткарылууга тийиш. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылганын өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков Билим берүү министрлигинин көңүлүн иштей элек бала бакчалардын ишин кайра улантуу жана санитардык нормаларды сактоо боюнча иштелип чыккан колдонмону республика боюнча бардык мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жеткирүүгө бурду.

"Коронавирус инфекциясын балдарга жуктурбоо үчүн иштелип чыккан алгоритм так аткарылууга тийиш. Ар бир бала бакча жетекчиси нормалардын сакталышына жооптуу. Жергиликтүү бийлик органдары мектепке чейин билим берүү жайлары талаптарды сактоо менен иштешине шарт түзүү үчүн бала бакчалардын жетекчилерине жардам берүүсү керек", - деди Алмазбек Баатырбеков.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter