У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бала бакчалар 3-4 саатка салттуу режимде иштеши мүмкүн


Өлкөдөгү COVID-19 эпидемиологиялык кырдаалда Билим берүү министрлиги тарабынан мектепке чейинки билим берүү программасына камтуу боюнча максаттуу иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлик тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн маселе боюнча үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүп турат. Учурда мониторингдин жыйынтыгы менен 26-октябрга карата өлкө боюнча 96 мектепке чейинки билим берүү уюмдары, анын ичинде Жалал-Абад облусунда 10 муниципалдык, Ош облусунда 20 муниципалдык, Чүй облусунда 25 менчик, ошондой эле Бишкек шаарында - 39 менчик жана 2 ведомстволук балдар бакчалары ишмердүүлүгүн жандандырып, 6 пайызга чейин өсүүдө.

"Мындан ары да бала бакчалардын ишмердүүлүгүн жандандырууну көбөйтүү максатында министрлик тарабынан өкмөттүн 2020-жылдын 11-апрелиндеги №244 токтому менен бекитилген убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин талаптарын аткаруу боюнча иш-аракеттердин алгоритмине ылайык келтирүү тапшырмасы берилип, белгиленген иш-чаралар райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары тарабынан аткарууга алынды.

Ошол эле учурда COVID-19 эпидемиологиялык кырдаал шартында балдар бакчасынын ишмердүүлүгүн жүргүзүү, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин талаптарын сактоо боюнча ар бир балдар бакчасынын педагогдору, тарбиячылардын жардамчылары, медициналык кызматкерлер, усулчулар жана директорлор бул колдонмонун негизинде онлайн окуудан өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Учурда мектепке чейинки билим берүү уюмдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана аймактык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун уруксаты менен түзүлгөн кырдаалга карап:
  • мектепке чейинки билим берүү уюмдары уставында белгиленген тартиби боюнча (3,10, 24 саат) салттуу түрдѳ;
  • ата-энелер менен макулдашуунун негизинде (билим берүү жана өнүктүрүү компонентин камсыздоо менен) кыска мөөнөттүү (3 сааттык) тайпалардын ачылуусу;
  • балдардын саны абдан аз болсо, "дежурный" тайпалардын иштөөсү;
  • ар түрдүү курактагы балдар үчүн тайпалар ачылышы менен ишмердүүлүгүн улантса болот.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter