У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Башкы прокуратура блогер Элмир Сыдымановго койгон айыбынан баш тартты


Блогер Элмир Сыдымановдун соту уланууда. Ага Жазык кодексинин 313-беренеси "расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" боюнча айып коюлган. Башкы прокуратура блогер Элмир Сыдымановго койгон айыбынан баш тартты. Бул тууралуу 10-мартта сот процессинин жүрүшүндө белгилүү болгонун блогер Элмир Сыдыманов билдирди.

"Сот отурумунун жүрүшүндө соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, Сыдымановдун аракетинде аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер аныкталган эмес. 2021-жылдын 10-мартында прокуратуранын мамлекеттик айыптоочусу Жазык кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык күнөөлөдөн баш тартты", - деди блогер.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter