У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нурлан Калыбеков: "Калем кармаган инилерим! Зайырдай болбогула. Элмир деп күйүттөн эле кетип калды"

Кырчындай жашында кыйылган өмүр... Аттиң ай...Ажал өзүнүн улуктугун дагы бир жолу тастыктады...Кыргыздын чыгаан уулдарынын бири Зайырбек Ажыматовду да колубуздан жулуп кетти...Акынды акыркы сапарга узатып жатып, калемдеши, досу,  Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков чогулган элди ыйлатты. Ал досун эскерип жатып мукактанып токтоно албай ыйлап, жаш акындарга "өзүңөрдү сактагыла, Зайыр-Зайыр болбогула, Зайырбек Элмир-Элмир деп күйүп кетти, ошол үчүн эле кете берди" деди...

"Зайырбек ыйы болобу, кубанычы болобу биз менен бөлүшөөр эле. Илгери группалашыбыз Калмурат Рыскулов өлгөндө көтөрүп кеттик эле. Жаш экенбиз. Мына, акыркы күндөрү Элмирбектен айрылып, андан көп өтпөй Зайырбектен айрылып мөгдөп калдык, оор болуп калат экен...Айланайын акын инилерим, өзүңөрдү аягыла. Кайсы бир мамлекеттерде ушул адам төрт сап ыр жазат экен деп учетко алып, мамлекет камкордукка алат экен деп уктум эле. Бизге эч ким көңул бурбайт турбайбы деген ойдо калдык, бизге эч ким келип "Ай бала, кантип жататсың, эмненин үстүндө иштеп, эмне жазып жатасың деген жок". Билем, түшүнөм акын деген өтө сезимтал болот. Зайырдай болбогула. Элмир деп күйүттөн эле кетип калды. Акындан бирөө тирилигиң эмне болуп атат деп сурап койбойт экен. Эл жакшылары билем, жыйнаган байлыгыңар бала-чакаңарга, тууган-уругуңарга калат. Бирок биз ал байлыгыңар менен мактана албайбыз. Элге акындын ырлары калат... Биз дүйнөгө атагы чыккан Айтматов, “Манас” эпосу менен мактанабыз. Ошон үчүн калем кармаган инилер өзүңөрдү сактагыла" деди...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter