Депутат Ак калпак күнүнө карата иш-чара уюштурган активисттерди кызматтарга тартууну сунуштады
- 04.03.2021, 11:31,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улугбек Ормонов Ак калпак күнүнө карата иш-чара уюштурган активисттерди кызматтарга тартуу керектигин айтты.
"Ак калпак күнү менен куттуктайм. Бүгүн "Ала-Тоо" аянтында Ак калпак күнү салтанаттуу түрдө белгиленип жатат. Мен барып катышып келдим. Ушундай иш-чараны Маданият министрлиги менен Бишкек шаарынын мэриясы толук өзүнүн колуна албаганы мени өкүндүрөт. Мыйзам менен белгиленген күндү өткөрүүнү өкмөт өз колуна албаса болбойт. Мен бүгүнкү иш-чаранын уюштуруучулары Аманбол Бабакулов менен Элнура Кулуевага терең ыраазычылык билдирип кетем. Ушундай активисттерди кызматка тартыш керек", - деди депутат.