У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Шекер айылдык кеӊеши провокация уюштургандарды жоопко тартууну талап кылышты…


Жогорку Кеӊештин депутаты Рыскелди Момбековго карата 22-июнда Бакай-Ата районунда эл менен жолугушуу учурунда чагым уюштурулду. Бул жагдай көпчүлүктү аябай кыжалат кылды. Биздин мамлекетте мыйзам барбы деген маселе оркоюп чыкты. Ошол жалданган чагым салган адамды Бакай-Ата районунун акими Чолпонкул Төрөкулов жандап жүргөнү жана ошол жагымсыз, ыпылас көрүнүштү мамлекеттик Талас телеканалы тартып, эфирден көрсөткөнү бул кир оюндун артында бийлик тураарын айгинеледи.

Мындан улам, Кара-Буура районунун Шекер айылдык кеӊешинин депутаттары Жогорку Кеӊештин депутаты Рыскелди Момбековго карата уюштурулган провокациялык иштерге жердештери аябай тынчсызданып жатышканын белгилешип, мамлекеттик укук коргоо кызматкерлери тарабынан  мыйзам чегинде териштирүү жүргүзүлүп, тийиштүү район жетекчилигине жана провокация уюштурган жарандарга чара көрүүнү талап кылган кайрылуу жасашты. Премьер-министр Кубатбек Боронов кандай реакция кылат байкап туралы.

Ырасында, Жогорку Кеӊештин депутатынын мыйзам менен корголгон кол тийбестиги бар. Депутаттын аброюна шек келтирген жорук жасап, оозунан ак ит кирип, кара ит чыккан адам жана бул ишти уюштурган район жетекчилиги мыйзам алдында жооп бериши керек. Мындай мыйзамсыз жоруктарга укуктук баа берилбесе, эртеӊ буга окшогон окуялар кайталана берет. Сөгө берсем, аброюна шек келтирип чагым сала берсем болот экен, эч ким эч нерсе кыла албайт тура деген инцидентке жол чабылып калат.

Ошондуктан күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жооп берүүгө тийиш. Ошондой эле, чагым салган адамдын «Бакай-Атага жолобо, Кара-Буураӊа кет» деп элди-жерди бөлгөн жоругун эфирден чыгарган Талас телеканылынын жетекчилигинин дагы жоопкерчилиги каралышы кажет.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter