У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алтынбек Сулайманов «ак карга» болуп, жомок айта баштады…


Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын жетекчиси Алтынбек Сулайманов парламенттик шайлоо жакындаган сайын, түшүнөн чочугансып, жомок айта баштады. 

Буга дейре олиграхтардын катарында депутат болуп, кийин «Бир бол» деген партия түзүп, Акылбек Жапаров, Аскарбек Шадиев, Жаныбек Бакчиев, Исхак Пирматов, Игорь Чудинов, Улугбек Ормонов сыяктуу олиграхтарды партиясына топтоп, акчанын күчүнө салып Жогорку Кеӊешке келген Сулайманов эми болсо элдин башын айлантууга катуу далалат жасаптыр. 

Кайран эргул, уялбастан акыркы эки чакырылыштагы парламенттин курамын сындап, ага жалаң партия лидеринин тандоосунан өткөндөр депутат болуп келгенин айтып, эл үчүн күйүп жаткандай каӊырык түтөттү. 

Албетте, идеясы жакшы. «Депутатты тандоо укугун ээсине - элге кайтарып берели. Эл саясий партияны жана анын тизмесиндеги талапкерди өзү тандаганга укук алат. Шайлоодо коррупция жоюлат, добуш сатып алуунун мааниси калбай калат. Тизмеде 120-катарда турган жөнөкөй мугалим, врач, жаш лидер болобу, элдин колдоосуна ээ болсо биринчи боло алат», - деген өӊдүү кооз сунуштарды айтууда.

Бирок, Сулайманов өткөн шайлоодо акчаны самандай чачып жатып парламентке келгенин унутуп калып, кайдагы жөө жомокту токуп, шайлоо алдында элге «ак карга» болуп акыл айта баштаганы күйгүзөт да…


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter