Маршруткадан аялдын 10 миң сомун, уюлдук телефонун уурдап алган жаран кармалды
- 03.03.2021, 09:16,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кечээ, 2-мартта саат 22:20 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Некрасов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен кичи автобустун ичинен уюлдук телефон жана акча уурдалганы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барышты, деп билдирди басма сөз кызматы.
Арыз ээси — 1989-жылы туулган С.Ж. (аял киши) билдирген маалымат боюнча, 11 000 сомдук «Редми-7» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 10 000 сом акчасын уурдаткан.
Кайгуулчулар ыкчам иш-чараларды жүргүзүп, 1992-жылы туулган С.А. шектелип кармалды. Ал чара көрүү үчүн Ленин РИИБдин Тергөө кызматына берилген.