У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жапжаш кыздар үй тоноп...Каракчылыкка шектелип 3 кыз кармалды


Бишкек шаарында каракчылыкка шектелип үч жаш кыз кармалды. Бул тууралуу Бишкек Кайгуул милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 6-июлга караган түнү саат 03:30 чамасында Бишкек шаарынын "Келечек" жаңы конушунда болгон. Бешиктен бели чыга элек 3 кыз бир үйдү тоноп кетти деп чакыруу түшкөн. Айтылган дарекке Кайгуул милициянын кызматкерлери барганда үйдө жашаган Б.В. аттуу өспүрүм кызды үч кыз карактап кеткенин айтышкан.

"Шектүү кыздар үйдүн эшигин сындырып кирип 16 жаштагы өспүрүм кызды бычак менен коркутуп, баасы 10 миң сом турган телефонун, паспортун жана косметикаларын алып кетишкен. Көп өтпөй эле инспекторлор кылмышка шектүү катары 16, 18 жана 20 жаштагы кыздарды кармады. Алар Свердлов райондук милициянын тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилди", — деп айтылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter