У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ДССУ коронавирус пандемиясы качан токтой турганын айтты


Коронавирус пандемиясы кийинки жылдын башында токтойт. Мындай божомолду Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Регионалдык бюросунун башчысы Ханс Клюге билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазып жатышат. 

"Эң начар убакыттар артта калды. Вирус жайыла баштаган 2020-жылдан бери биз ооруну көбүрөөк билип калдык", - деген Клюге.

Клюге вирус адамдардын арасында жок болбой тургандыгын, бирок көрсөтүлгөн убакытка чейин чектөөлөрдүн кереги жок экендигин баса белгилеген. Ошол эле учурда ал бул болжол гана экенин, себеби эч ким кырдаал кандай өнүгөрүн так айта албай тургандыгын билдирген.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter