У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ДССУ Кыргызстанды оору күч алып бараткан өлкөлөрдүн катарына киргизди


Оору кулачын кенен жайды. Күнүгө илдет жуктургандардын да, каза болгондордун да саны өсүүдө. Мындан улам биздин өлкөнү  Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус инфекциясынын саны тездик менен өсүп жаткан мамлекеттердин катарына кошту.

Бул тууралуу ДССУнун Европа аймактык бюросунун директору Ханс Клюгенин билдирүүсү эл аралык уюмдун YouTube-каналына жарыяланды.

"Кеминде 30 мамлекетте соңку эки жумада ооруга чалдыккандардын саны өсүүдө. Анын ичинде 11 өлкөдө вирус жуктургандар кескин көбөйдү. Эгер жакшылап көңүл бурбаса бир топ коркунуч жаратат", — деген Ханс Клюге.

Уюмдун расмий сайтындагы билдирүүгө ылайык, илдет көбөйгөн өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан менен Казакстандан тышкары Азербайжан, Армения, Украина, Молдова, Албания, Түндүк Македония, Босния жана Герцеговина, Косово жана Швеция бар.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter