Турцияда кыргыз келин аэропортто көз жарды -видео
- 08.02.2021, 14:47,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+

Турцияда кыргыз келин аэропортто көз жарды. Бул тууралуу НТВ каналы билдирди.
Телеканалдын айтымында, келин жолдошу менен Россиянын Санкт-Петербург - Стамбул каттамы боюнча үзгүлтүксүз учак менен учуп келишкен. Паспорттук текшерүүдөн өткөндөн кийин, жубайлар Анкара шаарына учушу керек болгон. Бирок кош бойлуу келин күтүүсүздөн эс-учун жоготкон. Жолдошу Мухаммадали Исмаилов аялынын кош бойлуу экендигин айткандан кийин аэропорттун кызматкерлери төрөтү кабыл алууга даярданышкан. Келин аэропортто кыз төрөп, алар ооруканага жайгаштырылган.