У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Аэрофлот" Москва-Бишкек каттамдарын бир айга токтотту


Россиялык "Аэрофлот" авиакомпаниясы коронавирустук пандемияга байланыштуу чектөөлөрдүн уланып жаткандыгына байланыштуу бир катар эл аралык каттамдарды токтотту. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Анын ичинде Москва-Бишкек каттамдары 28-марттан 30-апрелге чейин токтотулган.
 
“Авиакомпаниянын сайтында же байланыш борборунда билет сатып алгандарга, токтотулган рейстердин жүргүнчүлөрүнө авиабилеттер автоматтык түрдө кайтарылып берилет. "Аэрофлоттун" сатуу кеңселеринен же агенттиктеринен авиабилеттерди сатып алган жүргүнчүлөр акчаны кайтарып берүү маселеси боюнча сатып алган жерине кайрылышсын», - деп айтылат билдирүүдө.
 
«Бул чечимдин кабыл алынышы COVID-19 пандемиясынын жаңы коронавирустук инфекциясынан улам келип чыккан эл аралык жүргүнчү каттамдары токтотулганга чейин бекитилген жана иштеген күнүмдүк каттамдарга байланыштуу.
 
Учурда "Аэрофлот" жума күндөрү Москва-Бишкек-Москва каттамы боюнча 1 туруктуу каттамды, Москва-Бишкек-Москва жана Москва-Ош-Москва каттамдары боюнча күн сайын чартердик учууларды жүргүзөт. Ошондой эле аталган компания Бишкек жана Ош шаарларынан Россиянын башка шаарларына эки багытта тең чартердик каттамдарды жүргүзөт. Мындан тышкары, «Авиа Траффик Компани»компаниясы Бишкек-Москва-Бишкек каттамы боюнча жумасына бир жолу үзгүлтүксүз учуп турат»,-деп билдирди Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter