У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эмне үчүн Кыргызстан бизнес өнөктөш катары «Альянс Группасын» тандады?..


Жерүй кениндеги алтын чыгаруучу фабриканын иштеп баштаарына эки айдан аз убакыт калды. Бирок, ишке кирүү убактысы жакындаган сайын Кыргызстандагы россиялык инвестордун ишмердүүлүгүнө нааразы болгондор күчөп жатат.

Логика аксак болгондо…
Тагыраак айтканда, адилеттүүлүккө чакыргандар мамлекеттин мурдагы жетекчилиги 105 тонна алтыны бар Жерүйдү казууга уруксаатты россиялык эң чоң холдинг “Альянс Группага” беришин эч кандай далилсиз болгон деп эсептешет.    
2015-жылдын май айында анын курамына кирген “Восток-геолдобыча” кыргыз жер байлыктарын казууга лицензия алган. Казылуучу жерге инфраструктураны, алтын иштетүүчү заводдун курушун бүтүрүп жана калдык сактагычтарды куруу үчүн нечен жылдар кетти. Баардык даярдык көрүү иштер ушул жылдын март айында бүтүшү керек эле. Бирок, коронавирус планга тоскоол болуп, жумуштарды жайдын аягына жылдырылган.
Ал эми азырынча россиялык инвестор сабырдуулук жана план боюнча өзүнүн максатында иш жүргүзүп келе жатат. Коомдо “кызыкчылыктарды сатуу” жана долбоордун кирешесиз экендиги тууралуу сөздөр чыгып, бул маселе саясий түскө айланууда. 

Бул жолку тескери маанай жаратуу аракети Жерүй маселесинде кимдир бирөө өзүнө “упай” топтогусу (парламенттик шайлоо жакындап калганын унутпаңыз) келип жатканы  айдан ачык байкалууда. Антироссиялык аспект да көрүнүп турат. Кызыгы, бул чоң инвестициялык долбоордун маанилүүлүгүн, ошондой эле, Россия жана Кыргызстандын стратегиялык кызматташуусу тууралуу саясаттын орчундуулугун жогору бийлик төбөлдөрү айтуудан тажабайт. Ушундан улам, эки мамлекеттин ортосундагы бекем достукту ким бузгусу келип жатат деген суроо туулат. Чындыгында долбоордо мамлекеттин үлүшү жоктугуна жана “пайдасыздыгы” боюнча ачууланып жаткандардын логикасы аксак болууда. Себеби, 20 жылдык перспективасы бар Жерүйдү иштетүү Кыргызстан үчүн маанилүү жана кирешелүү. “Комсомолка” бийликте турган учурда ушул тарыхый чечим кабыл алган кыргыз саясатчысы менен маектешти. 
Анда эмне себептен 5 жыл мурун Кыргызстан өзүнүн тандоосун россиялык инвесторго токтотуп жана кандай себептен бул инвестпроекте өзүнүн үлүшүнөн баш тарткан деген суроолорго жооп берди.

Биздин шарттар кандай?
2015-жылдын 4-майында “Восток-геолдобычаны” Жерүй боюнча эл аралык конкурстун жеңүүчүсү катары аныктаганда премьер-министр кызматын Темир Сариев ээлеп турган. Бул кызматка келүүдөн мурда ал бир нече жыл Экономика министрлигин башкарган. Ошол себептен, ага биринчи кезекте россиялык инвестор менен болгон келишим, Жерүдүн тарыхы толук маалым болгон. Бул долбоорду мурда көп жылдардан бери баштоо аракети ийгиликсиз жүрүзүлгөн.  

- Кыргыз Республикасынын “Жер кендери жөнүндө” мыйзам боюнча республикалык маанидеги чоң кендер бир гана конкурска чыгаруу аркылуу иштетилет. Жерүй дагы конкурс аркылуу иштетүүгө даяр, Кыргызстандын эң перспетивдүү, алтын кени болгон – деп эстеди мурдагы Өкмөт башчы.

- Темир Аргембаевич, Жерүйдүн тагдырында ким катышты эле?

- Баардык фракциялардын депутаттарынан, мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана тоо-кендеринде иштөөчүлөрдүн өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын мүчөлөрү инвесторлорго бирдей шарт иштеп чыгып, ачык конкурс жарялаган. 

- Алтын кен иштетүүчүлөрдүн астында Кыргызстан кандай шарттарды койгон? 

- Баардык тобокелдиктер эсепке алынган. Биринчи кезекте, соттук арыздануулар болгон. Жерүйдү иштеткен мурдагы казакстандык "Visor холдинги" Кыргызстанга каршы 580 млн. долларлык доомат койгон. Ведомстволор аралык комиссиянын шарттары боюнча  лицензияну утуп алган компания бул маселенин эл аралык сотто өзү чечүүгө тийиш болчу. Экинчиден, Кыргызстанга бир жолу 100 млн. доллар бир айдын ичинде которушу зарыл эле. Үчүнчүдөн, таластыктарга көрүнүктүү социалдык пакет сунуштоо. Дагы бир милдеттеме – кыска убакыттын ичинде долбоордун технико-экономикалык негиздөөнү иштеп чыгып, алтынды казып алуу иштерине киришүү. Ошондой эле, компания иштеп баштаган биринчи күндөн баштап эле мамлекетке салык төлөөнү мойнуна алган. Эч кандай салыктык өргүү берилген эмес.

- Ал эми экологиячы?

- Конкурстун шарттарында башынан эле белгиленген алтын ылгоочу фабрика жана калдык сактагычтар эң алдыңкы заманбап технологияларга жооп бериш керектиги милдеттендирилген. Ал эми кен казуу жабылгандан кийин компания ошол аймактагы жерлерди толугу менен калыбына келтирүүнү мойнуна алган.

Жерүй Кыргызстанга эмне берет?
- Ачык конкурста үч компания катышкан: Ата-мекендик «Кыргызалтын», россиялык «Алдан золото» жана «Восток-геолдобыча». Кыргызстан тараптан коюлган шарттарды аткарууга акыркы компаниянын эле мүмкүнчүлүк бар экендиги маалым болду. 
- Бир айдын ичинде компания Кыргызстанга 100 млн доллар которду (Өкмөт бул акчаны 100 жаңы мектеп курууга жана дагы 100 мектепте капиталдык ремонт курууга жумшаарын билдирген - автордун пикири). Андан соң соттук териштирүүнү чечти. Эгер компания ал соттук иште макулдашууга келе албай калса, жогорудагы 100 млн доллар Кыргызстанда калып, ал Жерүй кенинен кол жуумак. Инвестор бул маселе боюнча өтө чоң тобокелдикке барды, - деп түшүндүрөт мурдагы премьер-министр Сариев...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter