У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкек дале абасы кооптуу делген шаар бойдон калууда


Бишкек шаары абасы булганган, адамдын ден соолугуна кооптуу делген шаарлардын сап башында турат. Мындай көрсөткүчтү дүйнөнүн чоң шаарларындагы абанын сапатын иликтеген «World Air Quality» уюму орноткон жабдыктар 28-январда Бишкекте абанын сапатынын индекси (AQI) 471-495 болгонун көрсөттү.

Уюмдун маалыматына караганда, бул көрсөткүч аба өтө кооптуу дегенди түшүндүрөт. Азыр Кыргызстандын борбору дүйнөлүк рейтингде кайрадан биринчи орунга чыкты. Ал эми Бишкектин четинде, Чүйдүн Лебединовка айылында индекс 584кө жетти.

Алдыңкы он сапта Бишкектен кийин Индиянын Дели, Мумбай, Колката, Бангладештин Дакка, Пакистандын Карачи, Лахор, Непалдын Катманду, Хорватиянын Загреб, Кытайдын Чэнду шаарлары турат.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter