Бишкек шаары абанын булгануусу боюнча дүйнө экинчи орунда турат
- 12.12.2020, 12:34,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
«MovGreen» экологиялык кыймылы борбордогу PM2.5 майда бөлүкчөлөрүнүн курамын өлчөөчү бир нече сенсорлорду орнотту. Ченөөнүн натыйжаларын реалдуу убакыт режиминде байкоого болот. Булгануу деңгээлин эсептөө үчүн орточо суткалык эсептөөлөр алынат.
Эсептөөнүн жыйынтыгында: Бейшеналиева - Токтогул көчөлөрүнүн аймагында, абанын булгануу деңгээли 4,4 эседен ашты: орточо суткалык PM2.5 - 154 мкг / м³, өлчөө учурунда - 127 мкг / м³; Москва -Үмөталиев көчөлөрүнүн аймагында, абанын булгануу деңгээли 5,02 эседен ашты: орточо суткалык PM2.5 - 176 мкг / м³, өлчөө учурунда - 142 мкг / м³; «Аламүдүн-1» кичи районунда абанын булгануу деңгээли 6,54 эседен ашты: орточо суткалык PM2.5 - 229 мкг / м³, өлчөө учурунда - 177 µг / м³.
Бишкек шаары абасы булганган шаарларынын арасында дүйнөдө экинчи орунга чыкты.