Иранда коронавирустан жогорку даражадагы чиновник каза тапты
- 02.03.2020, 20:53,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, Ирандын Жогорку жетекчилигине караштуу Кеӊешме органынын - Максатка ылайык кеӊешмесинин- мүчөсү Сейед Мохаммад Мирмихаммади коронавирустан каза тапты.
Ал өткөн жумада коронавирусту жуктуруп алды деп шектелип ооруканага жаткырылган. 72 жаштагы Мирмохаммади Тегерандагы Масих Денешвари ооруканасында каза болду.
Акыркы маалыматтарга ылайык, Иранда коронавирус менен ооругандардын саны 1501 га жетип, анын ичинен 291 адам айыгып, 66 адам каза тапкан.