У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ИИМ: "Өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктун 80%ы өз үйүндө же конокто тааныш адамдары тарабынан жасалат"


Кыргызстандагы сексуалдык зомбулукка кабылган жашы жете элек өспүрүмдөрдүн 80 пайызы тааныштары жана туугандары тарабынан жасалат. Балдарга карата сексуалдык ыдыктын жарымы үйүндө же конокто болот. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Балдарды зомбулуктан коргоо үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо керек:
- “Жок” деп айтканды үйрөн. Өзүңдүн макулдугуң жок сенин денеңе эч ким жолоого укугу жок. Ким тийишип мындай көрүнүштү жасоого аракет кылып жатса, ал боюнча айтуудан уялоо керек.
- Белгилүү каттам менен үйгө жет. Зарылчылык жаралган учурда такси кызматын чакыр, жолдогу унаага отурба;
- Подьездге, лифтке кирүүдөн мурда тегерегиңди кара, тааныш эмес адам менен кирбе;
- Эгерде кимдир бирөө сага кысым көрсөтүп, сага жакпаган нерселерди жасаганы жатса, “Жок” деп айт. Бул жөнүндө ишенимдүү улуу адамдарга айтып бер.
- Бейтааныш адамдар сунуштаган суусундуктарды ичпе;
- Каякка бара жатканы, качан келээри жана качан байланышыш керектиги тууралуу жакындарына билдирип тур;
- Эркек адамдар менен жалгыз калуудан алыс бол, алар туугандарың болсо дагы. Үйгө ата-энелериңер жок эркек адамдарды киргизүү коркунучтуу;
- Түнкү маалда көчөдө жана конокто карманба;
- Башка бирөөнүн унаасына кошунаңдыкы болсо дагы отурба;
“Менин милициянын аймактык инспекторум” жана “112 Кыргызстан” тиркемелерин уюлдук телефонуна көчүрүп берүү керек. Алар жардам жөнүндө билдирүүнү тез арада берүүгө мүмкүнчүлүк берип, андан сырткары өзгөчө кырдаалдарда эмне кылуу керектиги жөнүндө маалыматтарды алууга болот.
Зомбулук болгон учурда эмне кылуу керек?
- Өз балдарыңызга ишенүү керек;
- Кылмыштын издерин сактоо керек, кийимдерди жуубоо, ич кийимдерди ыргытпоо керек;
- Милицияга жана медициналык мекемеге кайрылуу керек. Биринчи 72 саатта дарыгер ВИЧтин, жыныстык жугуштуу оорулардын жугушунун алдын алууга, күтүлбөгөн жерден бойго бүтпөөсүнө жардам берет.
- Зомбулукка кабылган жашы жете элекке психологиялык жардам берүү керек.
102-милиция кызматы
112-112 кызматы
111-балдар үчүн ишеним телефону.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter