Мугалимдер Самара Каримовага каршы кайрадан митингге чыгышты
- 22.01.2021, 14:02,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Оштогу Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайынын жамааты жана студенттери Самара Каримованын жетекчи болушуна нааразы болуп кайрадан митингге чыкты. Бул тууралуу "Kloop кыргызча" баракчасы түз эфирде коомчулукка жарыя кылды.
Алар маданият министри Нуржигит Кадырбеков үн катпай жаткана нааразы болушууда.
"
Самара уялбай туруп, мен мугалимдер менен иштешип жатам, бөлүм башчылар мага келди. Иш жүрүп жатат деп жалган айтканынан кайра чыгууга туура келди. Бул кыз ушундай жалган айта берет экен. Эгер ишенбесеңер чекеден сурап көргүлө. Ал жөнөкөй дагы мугалимге сөзү өтпөйт керек болсо. Ал өзү кабинетте олтурат столду кучактап эле. Андан башка эч нерсе кыла элек", - деген митингге чыккан мугалимдердин бири.
Эске салсак, Самара Каримова 2018-жылы Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болуп дайындалып, 1 күндөн кийин кызматтан алынган. Аны кызматка дайындоо боюнча буйрук жокко чыгарылганын ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов айткан. Мындан улам ырчы аброюмду, адамдык укугумду тебелеп жумуштан алган деп, Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, утуп алган.
Кийинчерээк, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Биринчи Май райондук сотунун чечимине карата апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрыып, апелляциялык даттануу түшкөндүгүнө байланыштуу, Биринчи Май райондук сотунун чечими мыйзамдуу күчүнө кире элек.