У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Клара Сооронкулова: "Министрлик Каримовага бир нерсе карыз окшойт"


Кечээ, 18-январь күнү кечки саат жети-сегиздер чамасында Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайына ырчы Самара Каримова бир топ кишинин коштоосунда келип, жетекчи олтурган бөлмөнүн эшигин бузуп кирип, ачкычын алмаштырып кетишти. Ырчынын бул кадамы коомчулукту аң-таң кылып, соцтармактарда "баскынчылык" катары бааланууда. Ырчы айымдын кызматка дайындалышы чоң резонанс жаратууда.  Бул тууралуу юристтер эмне дейт? 

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлигин койгон юрист, мурдагы сот Клара Сооронкулова өз пикири менен бөлүштү.

- Чындыгында Самара Каримованы эч ким кызматтан алган эмес. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин стат-катчысы Б.Секимов 2018-жылдын 24-октябрында Ташкенде жүргөндө Самара Каримованын кызматка дайындалышы жөнүндө буйрук чыгарган. Кантип мындай ишти жасагандыгы бир гана өзүнө белгилүү. Бул кылыгы үчүн ага 2019-жылы февралда ага сөгүш жарыяланып, ал макул мойнуна алган. 

Ошол учурда министр А.Жаманкулов 2018-жылдын 25-октябрында өз кызматына киришээри менен, 2018-жылдын 1-ноябрындагы аудиттин жыйынтыгы боюнча, иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын негизинде (ТСке негизделбеген) статс-катчынын буйругун жараксыз деп жокко чыгарган. Башкача айтканда, С.Каримова туура бир жума иштеген. А.Жаманкулов, сыягы, коллективдин, коомдун терс мамилесин эске алып, С.Каримованы кызматка койгон эмес. 
Эки жылдан кийин гана С.Каримова күтүлбөгөн жерден мектепке кайтып келүүнү чечкен жана сот Каримованын кызматтан бошотулушун мыйзамсыз деп эсептеген, бирок буйрукта иштен бошотуу тууралуу  жазуусу жок болчу.  Учурдагы министр Кадырбеков чечимдин күчүнө киришин күтпөстөн, окуу жайдын иштеп жаткан директорун өз каалоосу менен кызматтан бошотууга жетишип, Каримованы директор кылып дайындады (ал үчүн мен ага сөгүш берилиши керек деп эсептейм). 


Андан кийин ал күтүлбөгөн жерден эле ойлоно калып,  министрлик Каримованын талабын толугу менен колдогонуна карабастан, Биринчи Май райондук сотунун чечимине каршы даттанууну чечкен. Негизи министрлик Каримовага бир нерсе карыз окшойт, андан кийин аны музейге директор болсун дешти,  окуу жайга жетекчи болууга түртүп жатышат. Эми Бишкек шаардык соту кандай чечим чыгарарын күтүп туралы. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter