У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


С. Каримованы жетекчилик кызматка дайындоо боюнча соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген жок


Биринчи Май райондук сотунун Самара Каримованы Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын директорлугуна кызмат ордун калыбына келтирүү чечими мыйзамдуу күчүнө кирген жок. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 15-январында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлүнөн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 17-декабрындагы жогорудагы чечимине каршы апелляциялык арыз келип түшкөн.
 
Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар соттун жогорудагы чечимине Бишкек шаардык сотуна жеткирилген күндөн тартып 30 күндүн ичинде даттанууга укуктуу болчу.
 
Эске салсак, эстрада ырчысы Каримова 2018-жылдын 24-октябрында Ош шаарындагы музыкалык окуу жайдын жетекчиси болуп дайындалган. Кийинчерээк министр кызматка дайындоо буйругун жокко чыгарган. Каримова эки жылдан кийин сотко кайрылып, ишти жеңип алган. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter