У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


1 миллион сом пара талап кылган. "Ош электронун" мурдагы башчысы кармалды


"Ош электронун" мурдагы башчысы Даминов Д.И. 1 миллион сом өлчөмүндө пара талап кылууга шектелип  кармалды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.

""Б" ЖАКтын өкүлдөрү утуп алган тендерде буга чейин аткарган иштери үчүн 6 миллион сомго жакын сумманы төлөп берүү талабы менен "Ош Электро" ААКга кайрылган. Мындан улам, "Ош Электро" ААКнын мурдагы директору Даминов Д.И пара иретинде жеке банктык эсебине 1 миллион сом которуу талабын койгон", - деп жазылат билдирүүдө.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-берененин негизинде (пара талап кылуу) катталып, шектүү Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter