У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ишенген кожом сен болсоң... 3 милиция кызматкери алтын уурдаганга шектелип кармалышты


ИИМдин алдындагы баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөш кызматынын үч кызматкери алтын уурдаганга шектелип кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"УКМКнын маалыматы боюнча, шектүү кызматкерлер июль айында баңгизатты жана баалуу металлдарды мыйзамсыз айланткан ишке катышы бар адамдарды кармашкан. Алар пайда табуу максатында башка жарандар менен келишим түзүп, үч килограммдан ашык алтын уурдашы мүмкүн. Баалуу металлдар шектүүлөр кармалгандан кийин тергөө иштери жүрүп жаткан жерден табылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "уурдоо" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ал эми шектүү кызматкерлер К.И., С.А. жана К.Б. 22-августта кармалды. Тинтүү учурунда алардын иш бөлмөлөрүндө мыйзамсыз сакталып турган баңгизат табылган. Учурда шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген", - деп жазылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter