У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстанда бала бакчалар карантинге жабылат


Кыргызстандагы бардык бала бакчалар өлкөдөгү таажылуу вируска байланыштуу түзүлгөн курч кырдаалга байланыштуу ишин токтотот. 
Бул чечим Республикалык штабдын сунушу менен ишке ашууда.  Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги 20-марттан тартып өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын жакшырышына чейин мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алды. Эске салсак, коронавирусту жуктуруп алган 3 жаран Сузак районунда катталган. Мындан сырткары алар менен байланышта болгон бир топ жаран изоляцияга алынган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter