У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кара-Көлдө төрөттөн аял каза болуп, кылмыш иши козголду


 
Кара-Көл шаарынын ооруканасында төрөгөн аял каза болду. Бул тууралуу маалымат каражаттарына Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургун милицияга арыз жазып, аялынын төрөтүн кабыл алган төрөт бөлүмүнүн дарыгерлерине чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, дарыгерлер анын аялын операция (кесарево) жолу менен төрөтүшкөн. Ал аялынын өлүмүнө дарыгерлердин кайдыгерлиги себеп болгонун айтат.
 
Белгиленгендей, төрөттөн кийин аял Бишкекке жеткирилип, 2020-жылы 11-ноябрда Улуттук хирургиялык борбордо көз жумган. 
 
 
Факты КЖБРине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 152- беренеси «Медицина кызматкеринин кесиптик милдеттерин туура эмес аткаруусу» менен иш козголгон. 
 
Тергөө иштери уланууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter