Абалы оор. Башкы балдар хирургу Т.Өмүрбеков пневмония менен ооруканага жаткырылды
- 20.01.2021, 11:01,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Башкы балдар хирургу Талант Өмүрбеков эки тараптуу пневмония менен ооруканага жаткырылды. Бул маалыматты Республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев маалымат каражаттарына билдири.
Гүлжигит Аалиев Т.Өмүрбеков ден-соолугунун начарлашына байланыштуу 19-январда ооруканага түшкөнүн, анын абалы оор экенин, ал жандандыруу бөлүмүндө жатканын, ага бардык керектүү медициналык жардамдар көрсөтүлө турганын айтты.