У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкектеги инфекциялык оорукана коронавирус менен гана ооругандарды кабыл алат


Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасы коронавирус менен келгендерди гана кабыл алат. Бул тууралуу аталган жайдын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

"Бүгүн ооруканада 180 бейтап коронавирус менен жатат. Дагы бир себеп - биздин 19 кызматкерден COVID-19дун чыкканы болду. Азырынча абалы абдан оор болуп келгендерден башкаларын кабыл албай турабыз. Андай бейтаптар кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылат", — деди Аалиев.

Ошондой эле башкы дарыгер ооруканадан чыкпай 2 ай иштегенин кошумчалап, алардын арасында иштеген кызматкерлерден вирус чыкканынан улам оорукана жабылып, дезинфекциялоо иштери жүрөөрүн айтты. Бул аралыкта тынымсыз иштеген дарыгерлер үчүн үйдө эс алууга бир аз мүмкүндүк берилет. 

"Жакынкы 14 күн ичинде ооруканадагы бейтаптар чыгарыла баштайт. Андан кийин оорукана обсервацияга жабылат. Ал эми бардык кызматкерлерден анализ алынып, медициналык жайды дезинфекциялашат. Ал процедуралар бүткөн соң кабыл алууну улантабыз", – деди ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter