У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Митингде 1 адам каза болду, ооруканага 600гө жакын адам кайрылды


Бүгүн, 6-октябрдын таңына карата "Тез жардам" кызматына жана өз алдынча медициналык жардам алуу үчүн кайрылгандардын саны 590 болду.

Анын 439уна биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. 150 бейтап ооруканаларга жаткырылса, анын ичинен 13ү кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Тилекке каршы, 1 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

* Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жалпы 288 жаран кайрылса, анын 69у ооруканага жаткырылды. 5 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат.

* Улуттук госпиталга жалпы 164 киши кайрылып, 58и дарылануу үчүн жаткырылды. Анын ичинен 6 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. Тилекке каршы, 1 эркек киши каза болду (аты-жөнү белгисиз).

* №1 шаардык клиникалык ооруканасына денесинен ар кандай жаракат алган 30 жаран кайрылып, 7 киши бейтапканага жаткырылды. 1 бейтап кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат.

* Чүй облустук ооруканасына 93 киши кайрылып, анын 90у амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. 3 бейтап ооруканага жаткырылды, анын бирөө жандандыруу бөлүмүндө жатат.

* Улуттук хирургия борборуна 15 киши кайрылып, 13ү медициналык жардам алууда.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter