Мен азыр оор абалда турам. Келинчегим экөөбүз бирге түтүн булата албай, 2 балалуу болгондон кийин урушубуз күч ала берип, акыры ажырашууга алып барды. Ал 2 уулумду алып төркүнүнө кетип калды. Бир айга жетпей эле балдарды кайын энеме калтырып, Москвага иштегени кетип калыптыр.
Кайындарымдын алдына кечирим сурап барсам "Келинчегиң Москвага кеткен" дешти. Балдарымды алып кетейин деп талашсам эч ким каршылык көрсөткөн жок. Бир уулум 5 жашта, экинчиси болгону 2 жашта. Чынын айтсам балдарды алып кетем десем кайын энем келинчегимди Кыргызстанга чакырабы, жараштырабы деп ойлогом. Кайындарым мага абдан нааразы болушуп, келинчегим жетпеген турмуштан улам окуусун да таштоого аргасыз болгонуна ачууланып, балдарды өзүң бак, эркек балдар баары бир атасына кетишет деп карматып салышты.
Ошентип балдарды алып шаарга келдим. Апама алып барып берейин десем апам жок. Дүйнөдөн өтүп кеткенине 7 жыл болгон. Бир тууган эжеме болгон арманымды айтсам, ал балдарды багып бермей болду. Ошентип эжем биздин балдарды канаттууга кактырбай бага берди. Улуусу мектепке барды, кичүүсү бакчага бара баштады. Келинчегим болсо такыр келбей койду.
Күндөрдүн биринде анын турмушка чыкканын уктум. Жакшы турган үй-бүлөгө келин болуптур. Жолдошу бизнес менен алектенген неме экен. Кыргызстанга келишти да, сот аркылуу ажыраштык. Мени болсо балдарга алимент төлөй турган кылып чечим чыгартышты да, балдарды алып кетип калышты.
Билем күнөө менде, биз оор турмушта жашадык. Окуусунун акчасын төлөй албай окуудан чыгып кетти, 2 бала менен кыйналып жашадык. Бирок балдарымды калтырып коюп турмушка чыгып кетет деп ойлогон эмесмин. Балдарды көрүп турам десең ар дайым келип тур, тоскоолдук жок деди келинчегим...