У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жолдошум селсаяк болуп кетиптир, уулун тааный алган жок


“Ата-энелерибиздин өтүнүчү менен үйлөнгөнбүз”
Жолдошум экөөбүз бала кезибизден эле бири-бирибизди билчүбүз. Анткени илгери атамдар темир жолдо иштеп жүргөндө жатаканада кошуна болчубуз. Кийин атам башка ишке которулганда ал жактан көчүп, үй алганбыз. Ошол бойдон кийин биз бойго жеткенде жолуктук. Ата-энеси жакшы адам, менин ата-энем менен мамилеси жакшы болчу. Ошол себептен мен 3-курсту аяктаган кезде сөйкө салып, колумду сурап  келишкен. Кайын атам бизнес жолуна өтүп, үй-жай алып, жакшы турушат экен. Балдарын да жакшы окуу жайларда окутушуптур. Жолдошум жакшы лицейден билим алып, жакшы университеттердин бирин аяктаптыр. Англис, түрк тилдеринде эркин сүйлөгөндүктөн туристик компания ачып, иштетет экен. Ата-энемдин өтүнүчү менен жолдошум экөөбүз жарым жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп, жакшынакай той берип үйлөндүк.
 
“Ичкиликке берилгенин турмушка чыккандан кийин билдим”
“Мал аласы сыртында, адам аласы ичинде” деп атам көп айтчу, маани деле берчү эмесмин, көрсө ошол сөз чын экен. Жолугууга кычырап кийинип келип, маданияттуу сүйлөп, жакшы эле мамиле кылып келген жигитим үйлөнөөрүбүз менен өзгөрдү. Үйлөгөнүбүзгө бир ай боло электе эле үйгө түнөбөй, чалсам албай, таң атканда келип алып уруш чыгарып, ичип баштады. Тапкан акчасынын баарын эле ичкиликке салат, бара-бара колу тие баштады. Бул аралыкта боюма да болуп калды. Ишенсеңиз кантип 9 ай болуп, кантип төрөгөнүмдү деле билбей калды көрүнөт. Себеби 2 күндүн биринде мас болуп жүрдү. Уулубуз төрөлөөр күнү да үйдө жалгыз болчумун. Толгоом келип чыдабай калганда чалсам телефонун өчүрүп салды. Кайын энемдер өзүнчө турушкандыктан аларга айтып убара кылгым келген жок. Апам менен сиңдим келип, төрөтканага алып барышты. 12 саат толгоо тартып, уулумду боорума алдым. 
“Уулдуу болгонун билип туруп бир жолу келбей койду”
Апам уулун сүйүнчүлөйм деп чалса телефонун албай коюптур. Кайын энем менен кайын атам дароо келишип, жакшы эле карашты. Жолдошум уулун көрүү үчүн төрөтканага келет го деп үмүт кылгам, бирок келген да жок. Кайын энем кыйпычыктап анын иш чыгып калыптыр, командировкага кетиптир деп жайгаргансыды. Ошол менен төрөтканадан өз ата-энемдикине чыгып кеттим. Кайын энемдер кайра-кайра келгенинен, апам кызымды тыңытып анан жиберейин деп койду. Ошентип менин турмушум бузулду. Баягы жолдошум ошол бойдон келген жок. Көрсө кумар оюнуна акча уттуруп жиберип, ичип кетиптир. Улам-улам катуу иче бергендиктен ата-энеси бир канча жолу ооруканага жаткырып да дарылатыптыр. Аны кийин апама айтышыптыр. Мен ошол бойдон кайтып барган жокмун. Уулум бала-бакчага бара турган жашка жеткенде ишке чыктым. Баламды апам багышып жатты. Атам турмушумдун бузулганын көрүп аядыбы, айтор бир бөлмөлүү батир белек кылды.
“Уулумдун атасын таштанды челектин түбүнөн көргүм келген эмес...”
Ишке киргенде кадимкидей алаксып, өзүмдү колго алып, уулум үчүн жакшы турмушка умтулганды үйрөндүм. Азыр уулум 4 жашка чыгып, тили таттуу болуп турган учуру. Өткөндө бала бакчадан чыгып бара жатсак таштанды челектин жанында селсаяктар топтошуп отуруп алышыптыр, арасында баягы жолдошум отурат. Алгач албы, ал эмеспи деп көңүл бурган эмесмин. Сүйлөп жатканынан үнү жылуу угулганынан жакыныраак барып карасам чын эле ошол. Адам ушундай акыбалга тез эле келип калат турбайбы. Тил десе тилди билген, жакшы билим алган жигит ушинтип таштандынын түбүндө жатып калат деген эмне шумдук? Бизге көңүл деле бурган жок, уулун да тааныган жок, жанындагы мас аял экөө бөтөлкө талашып урушуп жатып бизди байкабай калды көрүнөт. Балким байкагандыр, жөн эле таанымаксак болгондур...Бирок мен аны бул абалда көргүм келген эмес. Мейли мени сүйбөсө да баласына татыктуу ата болуусун каалагам.
Фабула Пресс


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter