Тагдыр: Жубайым менен жашап жатып балдарга алимент төлөйм...
- 03.12.2020, 12:31,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Үйлөнгөнүбүзгө 9 жыл болду. Ортобузда 4 балабыз бар. Ар бир үйдө казан-аяк кагышкандай эле студент кезде баш кошкондуктан биздин үйдө да анча-мынча талаш-тартыштар болуп турчу. 2-кызым төрөлгөндө урушубуз күчөй баштады. Жатаканада турчубуз. Бирок кол куушуп отурбай күндүр-түндүр иштеп шаардын четинен жер тилкесин алып үй баштадым. Жубайым дайыма нааразы боло берди, жетпеген турмуш, жаш балдар менен үйдө отуруу аны кыйнай берди. Ошентип 2 кыздан кийин эгиз уулдуу болдук. Үйүбүздүн 2 бөлмөсүн бүтүп өзүбүзчө түтүн булатып баштадык.
Келинчегим балдар бир аз чоңойгондо ишке чыгам деп баштады. Кайын журтум да канча жылдан бери үйдө отурат иштесин деп кийгилише башташты. 2 кызым мектепке барганга жарап калышканда уулдарымды бакчага берип экөөбүз тең иштей баштадык. Бирок майда-чүйдө үчүн чыккан уруштар баары бир токтогон жок. Дайыма менин тапканым аз, жетпейт. Ошентип бир күнү урушубуз күчөп, келинчегим төркүнүнө балдарды алып кетип калды. Кадимкидей эле ата-энем барып кечирим сурап бизди жараштырганга аракет кылса да келинчегим келбей, ажырашууга арыз берди. Илең-салаң болуп жүрүп ажырашып тындык.
Сот аркылуу ажырашкан менен балдарымды эч нерседен кем кылбай карап келдим. Балдар мен барган сайын ыйлап, кыйналганынан жарашалы деген сунушту дагы эле мен киргиздим. Келинчегим ары ойлонуп, бери ойлонуп макул болду. Ошентип жарашып жашап калдык.
Арадан 1 жыл өткөндө мени өз үйүмө келинчегим менен жашап жатканда куралчан кишилер келип кармап кетишти. Эмне болгонун билбей калдык. Көрсө, келинчегим эчак эле бакпайт деп алиментке арыз бериптир, ал көбөйө бериптир. Келинчегимден сурасам арызды алам деп унутуптурмун деп эле кутулду. Ошо менен карызым салган үйүмдүн баасынан көп, келинчегим менен чогуу жашап жатып алимент да, карызды да төлөп жатам. Келинчегим болсо сага ишенич жок, үйдү жаздырып берсең арызды алам деп жатат. Мен балдарымды кыя албайм, ажырашсам да балдарды кантип таштайм? Айтор оор абалдамын...