У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дагы бир дарыгерден айрылдык...Микрохирург Бакыт Өмүрзаков акка моюн сунду


Хирургия илимдеринин кандидаты, микрохирург Бакыт Өмүрзаков пневмония илдетинен 17-июлда дүйнөдөн кайтты. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги тастыктады.

Бакыт Өмүрзаков 1960-жылы туулган. Ал Улуттук госпиталдын пластикалык, реконструктивдик микрохирургия жана кол хирургиясы бөлүмүндө иштеген. Андан кийин Улуттук педиатрия жана балдар хирургиясы борборунда пластикалык микрохирург болуп иштеген, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун тубаса кемчиликтери үчүн хирургия бөлүмүн жетектеген.
Акыркы жылдары Бакыт Өмүрзаков пластикалык жана эстетикалык хирургия боюнча өзүнүн медициналык борборун жетектеп келген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter