У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ДССУ COVID-19 тууралуу: «Быйыл былтыркыдан да оор болот»


COVID-19д пандемиясынын экинчи жылы былтыркыга  караганда  оор болушу ыктымал. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун чукул кырдаалдар программасынын директору Майкл Райан билдиргенин дүйнөлүк басылмалар жазышууда. 
Анын айтымында 2 аптада оору кайрадан күчөп кетти. 

"Пандемия менен күрөштүн экинчи жылын баштан кечирип жатабыз. Коронавирустун жайылуу динамикасын жана бизге байкалып жаткан айрым көйгөйлөрдү эске алсак, быйылкы жыл өткөн жылдан да оор болушу мүмкүн", — деген ал.

Райандын айтымында, илдет Түндүк жарым шарын, айрыкча Европа жана Түндүк Американы каптаганы байкалат. Ал аймактарда кескин суук болуп, адамдар бир үйгө топтолуп алганы, ошондой эле коронавирустун жаңы штаммдарынын чыгышы инфекциянын жайылышына алып келген факторлор болгонун белгиледи.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter