Кытай бактериялардан коргоочу жаӊы беткапты чыгарат
- 12.03.2020, 15:14,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кытай илимдер Академиясына караштуу микробиология институту бактериялардан 95 пайыз коргой ала турган жаӊы беткапты сатыкка чыгарышууда.
Жаӊы беткап бир катар бактериялардан жана куш тумоосу менен H3N2 вирустарынан сактай ала турганы сыноо учурунда далилденгенин адистер билдиришти.
Микробиология институтунун техникалык жетекчиси Лян Цзячаонун айтканына таянсак, бул беткапты төрт күн 8 сааттан колдонсо болот. Беткап 8 саатка чейин бактерия, вирустардан 95 пайызга коргой алат.
Жаӊы чыгарылып жаткан беткаптын курамында диоксид титан жана күмүштүн кошулмалары камтылган. Бул заттар беткаптагы вирустардын, бактериялардын жайылуусунун жана көбөйүүсүнүн алдын алат.