У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өспүрүмдүн телефонун тартып алган төрт жигит кармалды


 
Бишкекте кол салуу жана тоноочулукка шектелген төрт адам кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
 
Маалыматка ылайык, кечээ саат 23.40 чамасында милицияга Бишкек шаарынын 16 жаштагы тургунунан телефонун төрт жигит уурдап кеткени тууралуу  билдирүү түшкөн.
 
 Милициякызматкерлери бир нече адам арыз ээсинин башына уруп, 10 миң сомдук телефонду алып качып кетишкенин аныкташкан. Кылмышка шектүүлөр 17, 18, 20 жана 22 жашта экени такталды. Алар кармалып, кошумча тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Биринчи май РИИБне жеткирилген


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter