У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкек шаарынын тургунунан 380 миӊ сом талап кылган кылмыштуу топ кармалды


Ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын СОБР жана УКМК менен биргеликте борбор калаанын тургунунан 380 000 сом акча талап кылган кылмыштуу топту кармашты. Бул тууралуу укук коргоо органынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Ыкчам иликтөө кызматкерлери декабрь айынын башында спорттук дене түзүлүштөгү азиат жана европа улутундагы белгисиз, 25-30 жаштардагы эки адам кара түстөгү BMW-535 унаасы менен 29 жаштагы Бишкек шаарынын тургунунун үйүнө келишкен. Алар өздөрүн Алтынбек жана Роман деп тааныштырган.
 
«Өзүн Алтынбек деп тааныштырганы жабырлануучуга моралдык жана психологиялык кысым көрсөтүп, күч колдонуп, коркутуп 380 миӊ сом талап кылган жана сен мага 380 миӊ сом карызсыӊ деген. Коркутуп -үркүтүүлөрдөн кийин алар жабырлануучуга эскертүү берип чыгып кетишкен. Бирок телефон аркылуу коркутуулар улана берген. Акчаны таап бербесеӊ тоого алып чыгып өлтүрүп салабыз деп бир нече жолу коркутушкан», - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.
 
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөөлөрдүн негизинде кылмыш тобу жабырлануучудан 100 миң сом алып жаткан учурда кармалган. 
 
Кылмышка шектүүлөр - Ысык-Көл облусунун Түп районунун 28 жаштагы тургуну жана Казакстандын 29 жаштагы жараны Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери уланууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter