У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте каракчылардын тобу кармалды, үчөө жашы жете элек балдар



 
Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан тоноочулукка шектелген балдардын тобу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
 
Маалыматка ылайык, 28-ноябрда милицияга Б.Т аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 25-ноябрда Көк-Жар кичирайонунда күч колдонуп, жалпы суммасы 36000 сомдук эки, Samsung A-51 жана Redmi 7 телефондорун белгисиз бирөөлөр тартып алганын жазган. 
 
Каракчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр табылып, камакка алынды.
 
«Кармалган 18 жаштагы үч адам Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Дагы үчөө милдеттенме боюнча бошотулган, анткени алар 18 жашта чыга элек өспүрүмдөр. Кылмышка шектүүлөрдүн биринин автоунаасын тинтүү учурунда Макаровдун жардыруучу тапанчасы, кол чырагы менен тапанча, ашкана бычагы, 12 мылтыктын огу, ар кандай үлгүдөгү жети уюлдук телефон жана сим-карталар табылды», - деп билдирди ИИМ.
 
Кармалгандардын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилип жатат.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter