Өлкө боюнча 50 китепкананын базасында баланы өнүктүрүү борборлору ачылат
- 22.12.2020, 17:38,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Өлкө боюнча 50 китепкананын базасында баланы өнүктүрүү борборлору ачылат. Тийиштүү чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду.
Аталган чечим мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүк шарттарын кеңейтүү жана мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүү максатында кабыл алынган.
Аталган өнүктүрүү борборлорундагы билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактардын пландары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 363 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык келет.