У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Артём Новиков Өзбекстандын инвестиция жана тышкы соода министри менен жолукту


Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков Өзбекстандын премьер-министринин орун басары, инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен жолукту. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгынын бардык спектрин талкуулашты, бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун алкагында ушул жылдын 25-декабрына чейин биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн конкреттүү чараларын, багыттарын жана шарттарын аныктоо менен биргелешкен инвестициялык долбоорлорду жана өнөр-жай кызматташтыгынын долбоорлорун жүзөгө ашыруу боюнча маселелердин жыйындысын кароо чечими кабыл алынды.

Эки өлкөнүн экспорттук географиясын кеңейтүү жана алардын жаңы рынокторго чыгуусу үчүн транспорттук индустрияны, анын ичинде эл аралык транспортту өнүктүрүү маселелери каралды.
Тараптар эки өлкөнүн аймагында биргелешкен соода-логистикалык жана дүң бөлүштүрүү инфраструктурасын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле буга чейин кол коюлган Финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында уставдык капиталы 50 миллион долларды түзгөн Кыргыз-Өзбек инвестициялык фондун түзүү жана бажы чөйрөсүндө өз ара кызматташуу боюнча жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter