У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Окумуштуулар коронавирусту өзү аныктай алган бет кап ойлоп табышты


Сингапурдун окумуштуулары атайын датчиктин жардамы менен коронавирустук инфекциянын белгилерин аныктай алган масканы ойлоп табышты. Бул тууралуу видео The Straits Times аталышындагы YouTube-каналга жүктөлдү.


Жаратуучулардын  айтымында, бет каптын ичиндеги датчиктер адамдын абалы, дем алуусу, жүрөгүнүн согушу, ошондой эле кычкылтек, кан басым менен дене табы тууралуу маалымат чогултат.

Андан кийин "акылдуу бет кап" маалыматтын бардыгын уюлдук телефондогу тиркемеге билдирери белгиленди. Ал эми ден соолук боюнча көрсөткүчтөр жарым саат сайын жаңыланат.

Датчиктер электрондук болгондугуна карабастан, аларды жууп, ал тургай бир бет каптан экинчисине такса болот. Датчиктердин сырты толугу менен нымга туруктуу болуп саналат. Мындай маска алгачкы этапта 36,5 долларга бааланары айтылат. Бирок окумуштуулар жапырт сатыкка чыкканда анын наркы төмөндөп, болжол менен 14 долларга алса болорун болжолдошууда.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter