У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ден соолукка пайдалуу 12 кеӊеш…

 
  1. Ашыкча салмак ден соолуктун биринчи душманы. Андыктан а дегенде ашыкча салмактан арылуу керек. Ал үчүн спорт менен машыгып, көп кыймылда болуп, ашыкча тамактануудан алыс болуш керек. Эӊ башкысы уктаар алдында тамак ичпеш керек. Тамакты уктарга 2-3 саат мурда ичүү туура болот. 
 
  1. Тамак-аштан каражат үнөмдөө туура эмес. Толук кандуу тамактанууга, экологиялык таза азыктарды сатып алууга көп каражат сарпталат. Азыктарды сатып алууда баасына эмес, сапаттуулугуна маани берүү керек. Туура жана толук кандуу тамактануу ден соолуктун чыӊ болушуна зор салым кошот. Күнүмдүк тамак-ашка жашылча-жемиштер, дан азыктары, эт жана балык этин колдонуу шарт. 
 
  1. Тынч уйку. Ден соолуктун дагы бир азыгы тынч уйку. Сегиз сааттан кем эмес уктаган адамдарда картаюу процесси жай жүрөөрүн окумуштуулар далилдешкен. Сегиз саат уктайт десе түнкү бирден эртеӊ менен онго чейин уктоо эмес. Уктоо режими түнкү 10дон эртеӊ мененки 7ге чейин болушу керек. Ушул убакта уктаганда гана организм эс алып, адамдын чарчоосу жоголот. 
 
  1. Тамеки чегүү эрте картаюунун ачкычы. Жаштыгымды сактайм дегендер аял, эркегине карабай тамеки чегүүдөн алыс болушу керек. Тамеки ички органдарды гана талкалабастан, адамдын терисине да терс таасир этип, териге бырыштардын бат түшүүсүнө себепкер болот.  
 
 
  1. Күн нуру терини жабырката турганын көп жылдардан бери эле адистер айтышууда. Күнгө ашыкча күйүү да бырыштардын түшүүсүнө негиз болот. Ошондуктан көлгө барганда күн нурунан сак болуп, ашыкча күйүүдөн алыс болгон оӊ. Адистердин кеӊешине таянсак, күн нуруна 30 мүнөттөн ашык күйүүгө болбойт. 
 
 
  1. Көп кыймыл чыӊ ден соолуктун булагы. Андыктан көп кыймылда болгонго аракет кылуу керек. Кыймылда болгон адамда кандын айлануусу жакшырып, клеткалар жашарып, жаӊы клеткалардын пайда болуу процесси бат жүрөөрүн окумуштуулар айтышкан. Ошондой эле көп кыймыл келбеттүү болууга, ашыкча салмактан арылууга, маанайдын жакшы болуусуна себеп болот. Бирок спорт менен машыкканда ар бир адам өз ден соолугуна жана даярдыгына жараша кыймыл жасоосу керек. 
 
  1. Спирт ичимдиктерин ашыкча колдонуу ашыкча салмактын пайда болушуна алып келет. Себеби спирт ичимдиктерин ичкенде кээ бир адамдар ашыкча тамактанып, туздуу жана ачуу азыктарды көп колдонот. 
 
  1. Өзүӊдү сүйүү да ден соолуктун чыӊ болушуна өбөлгө болот. Өзүн сүйгөн адам даамдуу жана таттуу тамактарды өзүнө ыраа көрөт. Ырахаттануу менен жеген тамак-аш сиӊимдүү жана пайдалуу келет. Ошондуктан айрым учурда сүйгөн тамакты жасап жеп, кээде сатып жеп өзүӊүзгө ырахат тартуулаӊыз.
 
 
  1. Тамак-ашты ашыкча чектөө, тактап айтканда диета дайыма эле ден соолукка пайда алып келе бербейт. Күн бою ачка жүргөн адамдын организминде да, маанайында да олуттуу өзгөрүүлөр болот. Маанайы жок, көӊүлсүз жүргөндөрдүн ден соолугу начарлап, нерв оорулары пайда болот. 
 
 
  1.  Күнүмдүк тамак-ашка пайдалуу азыктарды колдонуу ден соолуктун чыӊ болушунун биринчи жолу. Ошондуктан пайдасы көп, зыяны аз азыктар менен тамактанып, кайнатылган, бууга бышкан, жашылчалардан жасалган тамактарга басым жасоо керек. 
 
  1. Сүйгөн кесибиӊ же ишиӊ менен алек болуу да ден соолукка жакшы таасирин тийгизет. Анткени сүйгөн иш менен алек болууда адам андан ырахат алат, чарчабайт, кубануу менен иштейт. Ал эми кубаныч болсо ден соолукка пайда алып келе турган гормондордун иштелип чыгуусуна шарт түзө турганын адистер айтышкан. 
 
  1. Дүкөндөрдөн азык-түлүктөрдү сатып алууда алардын курамын толук окуп чыгуу керек. Себеби курамында химиялык кошулмалар көп азыктар ден соолукка зыянын тийгизип, ашыкча салмактуулукка алып келет. Эгер кандайдыр бир азыктын курамындагы кошулмалар сизге түшүнүксүз болсо, андай азыктарды сатып албай эле койгон оӊ дешет адистер. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter