Бишкекте эки айга жете турган дары-дармектердин запасы бар
- 17.12.2020, 13:30,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкек шаарынын вице-мэри А.Чыныбаеванын айтымында, ММК Фондунун Бишкек аймактык башкармалыгынын маалыматы боюнча, борбор калаанын саламаттыкты сактоо уюмдары эки айлык дары-дармектердин 92 түрүн жана 5 түрдөгү медициналык буюмдарды 17 553 700 сом суммасында камсыз кылышкан.
Ошондой эле, мэриянын шаардык саламаттыкты сактоо департаменти аркылуу Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарына төмөнкүдөй гуманитардык жардам жөнөтүлгөн:
жеке коргонуу каражаттары - 11 139 даана;
медициналык маскалар - 195 910 даана;
респираторлор - 21 811 даана;
кычкылтек концентраторлору - 97 даана.