Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун COVID-19 илдетине чалдыккандарды дарылоого зарыл болгон дары-дармек каражаттарынын запасын уюштуруу боюнча иши менен таанышты.
Ал COVID-19 пандемиясынын биричи толкунунда өлкөдө дары-дармектин жетишсиздиги байкалып, 2 ай карантин учурунда коронавирус инфекциясына чалдыккандардын саны көбөйгөнүнө токтолду:
"Кагаз жүзүндө баары жакшы, ал эми иш жүзүндө абал башкача болду. Айрым дары-дармектерге карата баалар бир нече эсеге жогорулап, алардын тартыштыгы орун алды. Ошондуктан COVID-19 илдетине чалдыккандарды дарылоо үчүн бекитилген №4 протоколго ылайык, дары-дармек каражаттарынын тизмеси боюнча запастар менен жекече таанышууну туура көрдүм. Кызыкдар тараптардын уруксаты менен биз мамлекеттик кампалардан тышкары, жеке фармацевтикалык компаниялардын камы менен да таанышып чыгабыз. Учурда коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү мезгилине тийиштүү кол тийгис запастар болушу керек, себеби COVID-19 менен катар ар кыл вирустук оорулар күч алат. Ошондуктан өкмөт дары-дармектердин, жеке коргонуу каражаттарынын жана медициналык мекемелердин кадрлар менен камсыздалышына өзгөчө көңүл бурууда. Алдыдагы 2-3 айга жеткидей дары-дармек запастары бар, кезегинде ал толтурулуп турат. Мындан тышкары республика боюнча дары-дармек каражаттар рыногундагы абал көзөмөлгө алынган. Аларга карата баалардын көтөрүлүшүнө жол берилбеши керек", - деп белгиледи Эльвира Сурабалдиева.