У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Москвада бычакталган 19 жаштагы кыргыз жигиттин окуясы боюнча кылмыш иши козголду


Үстүбүздөгү жылдын 15-декабрында Москвада курьер болуп иштеген кыргыз жаранын бычактап кеткени тууралуу маалымат тараган. Аталган  окуя боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Орусиянын башкы тергөө башкармалыгынын расмий сайтына жарыяланды.

"Бул факты боюнча Орусия Федерациясынын Москва шаарынын тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, 15-декабрь күнү Москвадагы Паустовский көчөсүндө жайгашкан үйдүн жанында тааныштардын ортосунда жаңжал чыгып, анын жүрүшүндө эркек адам жабырлануучунун көкүрөк тушуна бычак менен оор жаракат келтирип, андан кийин ал из жашырып кеткен. Ал эми жабырлануучу ооруканага жаткырылып, көрсөтүлгөн жардамга карабастан көз жумган. Учурда окуянын кылмышка тиешеси бар адамды камакка алууга багытталган тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Иликтөө иштери улантылууда", - деп жазылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter