У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чүйдө бычакталган кыздын сүрөтү...Алар бай эмес, жөнөкөй эле бүлө болушкан


Аламүдүндөгү Төмөнкү Ала-Арча айылында бычакталган 26 жаштагы кыздын сүрөтү жарыяланды. 

Белгисиз адамдар тарабынан жабыркаган үй-бүлөнүн бизнеси болгон эмес. Бул тууралуу Төмөнкү Ала-Арча айыл өкмөтүнөн билдиришкен.

«Эч кандай деле ишкана, ашыкча дүнүйөсү жок үй-бүлө экен. Мындайча айтканда, эл катары эле жашап келишет. Бизге жеткен маалымат боюнча, дарбаза ачык калган экен. Ошондон улам каракчылар үйгө киришкен окшойт», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Айыл тургундарынын айтымында, короодо 2 киши менен алышкан кыз чаӊырганда үйүнөн атасы чыккан.

«Кыз короодо кимдир бирөөлөр жүргөнүн билип, сыртка чыккан окшойт. Алар менен кармашып жатканда атасы ойгонуп сыртка чыгат. Атасы чыккан маалда кылмышкерлердин бири качып кетиптир. Экинчиси болсо кызга бычакты кайра-кайра сайып, анан качып кетиптир», - деп билдиришти алар.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter