У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дааратканада зордукталган дагы бир 13 жашар кыздын адвокаты ишти кайрадан кароону өтүндү


2016-жылы август айында чаламандын чак түшүндө Бишкектеги соода борборлорунун биринде  13 жаштагы кыздын зордукталгандыгы тууралуу маалымат тараган. Аталган кылмыш иши иликтенип, бирок кызды кыйнаган зөөкүр акталып кеткен. Кыздын жактоочусу бул ишти кайрадан карап берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу адвокат Арман Кыйгырова билдирди.

Анын айтымында, аталган ишти кайрадан карап берүү үчүн Жогорку Сотко кайрылышкан.

"Бул ишти кайрадан карап берүү үчүн Жогорку Сотко кайрылып жатабыз. Буга чейин айыпталуучу 3 инстанцияда актап жиберилген. Мындан улам президентке, депутаттарга кайрылдык. Бирок азырынча жыйынтык жок", - деди жактоочу.

Жабырлануучунун апасы кылмышкер эркиндикте жүргөнүнө нааразы. 

"Биз аталган ишти кайрадан карап берүүнү каалайбыз. Айыпталуучунун чоң атасы министрдин орун басары экен да. Ошон үчүн алар утуп кетишти. Бизди болсо айыпталуучуга компенсация (айыпталуучунун моралдык, материалдык чыгымдары) төлөп берүүгө милдеттендирди. Бул акыйкатсыздык да", - деди жабырлануучунун апасы.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter