У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сот 13 жаштагы кызды зордуктады деп айыпталып жаткан экинчи адамды актады

Тоң райондук соту 13 жаштагы кызды зордуктады деп айыпталып жаткан дагы бир адамды актады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жабырлануучунун жактоочусу Айнура Асанова билдирди.
 
Анын айтымында, мындай чечимди судья Сабыр Соодонбеков бүгүн чыгарган. 
 
«Өкүм мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейбиз. Үчүнчү айыпталуучу «Зордуктоо» беренесинен «Жашы жетек элек өспүрүм менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер жасоо» - деп классификацияланган. Ал 7,5 жылга эркинен ажыратылды. Судья өзүнүн чечимине эч кандай себеп келтирген жок», - деди Айнура Асанова.
 
Эскерте кетсек, буга чейин Тоң райондук соту 13 жаштагы кызды зордуктады деп айыпталуучуну актаган. Кызды үч эркек киши зордуктаган.  Бул окуя тууралуу ата-эне бир нече убакыттан кийин, кыздын кош бойлуу экендиги белгилүү болгондо билишкен.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter