У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирус. Казакстанда тойлорго тыюу салынды


Казакстандын Президентинин чечими менен 16-марттан 15-апрелге чейин өлкөдө карантин жарыяланган. Бул аралыкта массалык иш-чараларды өткөрбөй туруу сунушу кирген. Массалык иш-чаралардын арасында тойлор да бар. "Коронавирустун тарашынан улам эл көп чогулган той-аштар, майрамдар, массалык маданий иш-чаралар, турнирлер убактылуу өткөрүлбөйт. Мындай иш-чараларды өткөрүү өзгөчө кырдаалдан кийин ишке ашат", - дейт Президенттин маалымат катчысы Берик Уали. Эске салсак, Казакстанда коронавирус 13-мартта катталып, оору жуктургандардын саны 6 адамга жетти.

Ал эми Кыргызстанда массалык иш-чараларга убактылуу тыюу салынганы менен кафе-ресторандар адаттагыдай эле иштеп, тойлор кадимкисиндей эле өткөрүлүүдө. Бактыга жараша Кыргызстанда коронавирус жуктургандар катталган жок.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter