У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мектеп, окуу жайлар карантинде, бала бакчалар иштей берет...

Окуу жайлар, мектептер 3 жумага карантинге жыбылганы менен бала бакчалар адаттагыдай ишин улантууда.  "Карантин жарыяланганы кайсы?", "Кичинекей бөбөктөргө камкордугубуз ушулбу?", "Эмнеге бала-бакчалар жабылбайт?" деген суроолорун узатып жаткан социалдык тармактардын колдонуучуларына вице-премьер Алтынай Өмүрбекова жооп берди.

"Урматтуу достор, мектептерде эрте каникул берилгендиктен, бул нерсе эмне себептен бала бакчаларга тийиштүү эмес деп сурагандар болууда. Эгер баланы мындай мезгилде бала бакчага жибербей турууну туура көрсөңүздөр, ал өзүңүздөрдүн ишиңиздер. Бирок ишин таштап, үйдө бала карап отура албаган ата-энелер бар. Баланы жиберүү же баргызбай коюу — сиздин чечимиңиз! Көңүлдүү эс алуу каалайм, бардыгы жакшы болот", — дейт Өмүрбекова.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter