Индиядан чыккан белгисиз дарт адамдан адамга жукпайт
- 08.12.2020, 12:10,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Индиянын түштүгүндөгү Андхра-Прадеш провинциясындагы Элуру шаарында жекшембиде бери дегенде 800дөн ашык адамга белгисиз оору жукту. Дүйшөмбүдө бир бейтап көз жумду. Дарыгерлердин айтымында, ооругандар кусуп, эстен танып, калтырап-титиреп калышкан.
Бул белгисиз илдет дарыгерлердин айтымында адамдан адамга жукпайт. Алдын ала божомолдор боюнча оору кир суудан улам пайда болгон.